Жаңылыктар
Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кандай чараларды көрүп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кандай чараларды көрүп жатат?

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана баа саясатын көзөмөлдөө максатында өкмөт кум шекер жана өсүмдүк майын сыртка ташып чыгарууга тыюу салды. Азык-түлүктүн бардык түрүнө болгон баа жогорулап жатканы байкалат. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7 пайыз делгени менен айрым товарлар 50 пайызга чейин кымбаттады. 

Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн күнүмдүк тамак ашка колдонулган тогуз азыкты тартыш кылбай камдап турушу керек. Бирок, биздин өлкө тизмеге кирген азыктардын ичинен үчөө менен гана өзүбүздү толук камсыздайбыз. Калганын жарым жартылай камсыздап, жетпегенин сырттан ташып келебиз. Анын ичинде өсүмдүк майы жана кум шекер бар.