Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелге дайындалган референдумду колдогон жана каршы үгүт жүргүзө турган топторду каттады.
БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан беш топтон сунуш түшкөн. Үчөө Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду колдогон, экөө каршы чыккан топ. Алардын баары тең каттоодон өттү. Президент Садыр Жапаров Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга 12-мартта кол койгон.
Эми Конституциялык кеңешме иштеп чыккан бул долбоор боюнча жарандар 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек. Ушул эле күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо да болот.