Жаңылыктар
Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келди

Бүгүн Кыргызстанга COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы вакцинанын партиясы жүктөлгөн учак Пекинден жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. 

Мурда маалым болгондой, Кытай гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинасынын 150 миң дозасын бермек. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги биринчи кезекте дарыгерлер, мугалимдер, өнөкөт оорулары бар жарандар жана 65 жаштан өткөн курактагылар эмделерин айтты. 

Алгачкы эмдөө түйүндөрү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Кант шаары менен Сокулук районунда ачылат. Эмдөөнү ишке ашыруучу бардык медициналык кызматкерлер атайын окуудан өтүшкөн.