Жаңылыктар
Чүй райондук милициясынын ага тергөөчүсү 40 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй райондук милициясынын ага тергөөчүсү 40 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык иш-аракеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Чүй облусунун Токмок шаарынан 40 миң сом алып жаткан учурунда Чүй райондук милициясынын ага тергөөчүсү кармалды. 

Анын алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн жергиликтүү тургундан 2 миң доллар талап кылгандыгы аныкталды. Факты Кылмыш жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган милиция кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.