Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар менен видео аркылуу байланышып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Сүйлөшүү ооган тараптын демилгеси менен болду.
Анда Ооганстандагы кыргыздардын абалы боюнча сөз козголуп, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу керектиги айтылды.
Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздар жашаган жерлерге мектептерди, жолдорду жана ооруканаларды куруу зарылдыгы белгиленди.
Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде ооганстандык этникалык кыргыздарды окутууну макулдашты. Памир кыргыздары — 1575-жылдан тарта Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар климаттык шарты катаал Улуу жана Кичи Памир тоолорун байырлайт. 2017-жылдан тарта Кыргызстанга боордоштордун айрымдары билим алуу үчүн алып келинген.