Жаңылыктар
Социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган мекендешибиздин эрдиги
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган мекендешибиздин эрдиги

Мекендешибиз Сыймык Алмазбек уулунун эрдиги социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Ал метронун темир жолуна кулап түшкөн адамды сактап калган.

9-март, элдин бары иштен кайтып жаткан мезгил. "Крестянская Застава" метро станциясы. Сыймык жакын тууганы менен чогуу жумуштан кийин үйүнө кайтып бара жаткан. Күтүүсүз кыйкырык чыгып, бир киши метронун темир жолуна кулап түшкөнү маалым болот. Каарманыбыз эч нерсе ойлонбостон, адамды куткарууга чуркаган.