Жаңылыктар
Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус 48 адамдан табылып, бир бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус 48 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 48 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Ал эми 49 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда 355 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 359 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 318 киши айыгып чыкса, 1 миң 468 адам каза болду.