Кадамжай районунун дыйканчылык аймактарында эрте бышуучу картошканы айдоо иштери башталды. Район боюнча жалпысынан 1200гектардан ашуун жер аянтына картошка айдалса, анын 300 гектарына эрте бышуучу сорттору айдалат. Май айларынын орто ченинде жыйналып алынган түшүм Бишкек жана Ош шаарларына сатыкка чыгат. Айдоо иштеринен сырткары сугат суу каналдарын оңдоп-түзөө иштери да жүрүүдө. 1-марттан баштап жер аянттарына суу берилет.