Мекенди коргоо - эр жигиттин милдети. Андыктан ар бир эр-азаматтын жүрөгүндө мекенчилдик сезим ойгонору талашсыз. Кыргыз элинин көп жылдык тарыхында ички душмандардан сактоодо, чет элдик баскынчылардан коргоодо, өзүнүн интернационалдык парзын аткарууда, сырттан келген куралчан душмандарды жок кылууда эр-азамат жигиттер эрдик жасап, кийинки муунга мекенчилдиктин бийик үлгүсүн көрсөтүшкөн. Кийинки муун өкүлдөрү абийирдүүлүк менен аскердик милдетин өтөөгө бел байлашкан.