Жаңылыктар
Акыркы беш жылда жергиликтүү кеңешке шайлоочулардын саны 600 миңге көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы беш жылда жергиликтүү кеңешке шайлоочулардын саны 600 миңге көбөйдү

Ушул жылдын 11-апрелинде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Анын 28и шаардык, 420 айылдык кеңештер. Бардыгы болуп жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдарга 2858 орун берилген. 448 жергиликтүү кеңешке шайлоого 3 млн 304 миң 485 адам добуш берет. Бул 2016-жылдагы шайлоодогу добуш берүүчүлөрдүн санына караганда 600 миңге көп.

 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2274 шайлоо участкаларында өткөрүлөт. Эскерте кетсек, мындан беш жыл мурда 2152 шайлоо тилкеси болгон. 11-апрелде Бишкек, Ош шаардык кеңештерине өтө турган шайлоого 22 партия катыша турганын билдирди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууну көздөгөн партиялардын арыз берүү мөөнөтү 1-мартта аяктайт.