Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков билдирди. Маалыматка ылайык, 2022-жылы 5,5 млрд. метр кубга чейин азаят. Азыр бул багытта чара көрбөсө кийин коркунуч алып келиши мүмкүн дешет адистер.
Учурда сууну импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казакстанга өткөн жума делегация барып келди. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында маалымат берди. Сыдыковдун айтымында, суунун көлөмү 5 млрд. метр кубга жеткенде гидроэлектр станциянын ишин токтотууга туура келет.