Бишкек - Ош унаа жолунун 124-чакырымындагы жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады. Унаа тыгындары аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бир күн мурда пайда болгон.
Азыркы тапта жумушчулар тарабынан жолдорду тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма ашууларында унаа тыгыны пайда болушу мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежелерин так сактоого чакырат.