Ишкерлерди текшерүүлөр азайып, салык саясаты өзгөрүшү керек. Премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушууда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү тарабынан ар кыл сунуштар айтылды. Өкмөт башчысы ишкерлер менен кызматташууга, алардын укуктарын коргоп, жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Пандемиядан улам өлкө экономикасы аксап, кыйла жоготууларга учурады. Өкмөт аны калыбына келтирүүнүн жолдорун издеп жатат. Ишкерлер менен жолугушуу да дал ушул максатта уюштурулду. Премьер-министр бизнес чөйрөсүнө ар дайым эшиги ачык болоорун, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү даяр экенин белгиледи.
Эркин форматта уюштурулган жолугушууга отуздай ири ишкер катышты. Анда бизнестеги негизги көйгөй катары мурда айтылып келгендей эле текшерүүлөрдүн көптүгү белгиленди. Салык саясатын кайра карап чыгып, инвесторлордун ишенимин арттыруу маанилүү маселе.
Мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы талаш-тартыш, келишпестиктер ишкерликке уруксат алуу, салык маселесине байланыштуу жаралат. Айрымдарды калкалоочулар бар экени, ал эми адилеттүү иш алып барган ишкерлер жасалма тоскоолдукка учурай турганы да айтылып келатат. Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн жазалоо ыкмасын өзгөртүү да сунушталды.
Кыргызстандын ички дүң өнүмү былтыркы жылы 8 пайызга төмөндөдү. Бир катар тармактар аксап, ишкерлерди кыйынчылык тооруду. Кыргызстандын бюджетинин басымдуу бөлүгү жеке тараптардын эсебинен топтолот. Мындан улам экономиканын өсүү ыргагын камсыз кылып, жумушчу орундарды сактап, казынадагы тартыштыкты да жоюу үчүн өкмөт жеке ишкерлер туш болгон көйгөйлөргө көңүл буруу зарыл деп эсептейт. Премьер-министр менен ишкерлер жолугушууларды байма-бай уюштурууну макулдашты.