Ушу тапта парламентте талкууланып жаткан баш мыйзамдын жаңы долбоорунда мамлекет тарабынан кепилденген пенсия жана социалдык төлөмдөр жашоо минимуму менен бирдей болушу керек экени сунушталууда. Өлкөнүн негизги мыйзамында элдин жашоосуна таасир эткен кандай өзгөрүүлөр бар? Калктын өзгөрүүгө карата пикири кандай?
Азыркы учурда жогорку кеңештин кароосуна жиберилген конституциянын долбоорунда мамлекет орто билимди гана бербестен, кесиптик билимди да акысыз берүүгө милдеттенип жатат. Аны менен бирге жатак мектептерде тарбияланган жетим балдарга кесиптик жана жогорку билимди акысыз кылуу сунушу камтылды. Ошондой эле мамлекет кепилдеген төлөмдөрдүн көлөмү боюнча да берене кирди.
Албетте бул өңдүү сунуштар элди кызыктырат жана алардын таламын талашат. Бирок калың эл баш мыйзамдын долбоору менен таанышып анан колдоп жатабы же таанышпай туруп каршы чыгып жатабы бул башка маселе. Мындан улам биз шаар тургундарынын конституциялык реформа тууралуу пикирин билип көрдүк.
Адистердин пикиринде каршы чыккандар жана колдогондордун болуп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай катмар саясий чөйрөдө да бар. Конституциялык реформа кереги жок деген саясатчылар да жок эмес. Бирок, өзгөрүү болуп турганы дайыма жакшы. Ал эми анын тез болуп жатканы биздин элдин табиятынан. Мындай пикирин манасчы Талантаалы Бакчиев билдирди.
Белгилей кетсек сунушталып жаткан долбоордогу негизги өзгөртүүлөрдүн бири президенттик башкаруунун кирип жатканы. Анткени жыл башында өткөн жалпы элдик добуш берүүдө өнөктүккө катышкан жарандардын сексен пайызы президенттик башкарууну тандашкан. Андыктан баш мыйзам ушул башкарууга ылайык жазылды. Эми эл өкүлдөрүнүн элегинен өткөн соң долбоор кайрадан жалпы элдик добушка коюлмакчы.