Жаңылыктар
Президенттин чет өлкөгө алгачкы иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин чет өлкөгө алгачкы иш сапары

Президент Садыр Жапаров 24-25-февраль күндөрүнө белгиленген Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө стратегиялык өнөктөш өлкөнүн президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Ошондой эле Россия Өкмөтүнүн Төрагасы, Федерация Кеңешинин Төрайымы жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы менен жолугушат. 

Өлкө башчынын чет элге болгон алгачкы сапары Россияга белгиленди. Президент бул өлкө менен болгон эки тараптуу алаканы арттырууга артыкчылык берилерин ант берүү аземинде да айткан болчу. 

Өлкө башчынын иш сапары Россия Федерациясы менен болгон союздаштык мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, чындоо жана ар тараптуу кеңейтүүгө багытталат. Анда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, саясий, аскердик техникалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу багыттары талкууланат. Ошондой эле эл аралык уюмдар алкагындагы кызматташтык да камтылган. 

Кыргызстан тышкы саясатты жүргүзүүдө стратегиялык өнөктөш мамлекетке өзгөчө маани берет. Алдыда күтүлгөн иш сапарда өлкө лидерлери да достукту чыңдоонун мындан аркы багыттары талкууга алары белгиленди. Ошондой президент Жапаров башка жетекчилер менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүп жатат. 

Ошондой эле президент иш сапардын жүрүшүндө Россиянын ишкерлер чөйрөсү менен баарлашып, чет элдик бизнес өкүлдөрү үчүн бизде түзүлгөн шарт жана жеңилдиктер, инвесторлорду кызыктыруучу долбоорлор тууралуу маалымат берет. Аны менен бирге ал жакта жашап, иштеп, окуп жаткан мекендештер менен жолугуу өткөрөт.