Жаңылыктар
“Жардам берүү оңой” коомдук фонду Салтанат Саматова атындагы сыйлык тапшыруу үчүн сынак жарыялайт
Кыргызстан жаңылыктары
“Жардам берүү оңой” коомдук фонду Салтанат Саматова атындагы сыйлык тапшыруу үчүн сынак жарыялайт

“Жардам берүү оңой” коомдук фонду белгилүү теле алып баруучу, маркум Салтанат Саматова атындагы сыйлык тапшыруу үчүн сынак жарыялайт. 

Ага бардык уюмдардан тарта жөнөкөй жарандар да катыша алат. Сынактын шарты боюнча ар бир катышуучу залалдуу шишик илдетине чалдыккан адамдарга жардам көрсөтүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, дарылоонун сапатын жакшыртууга жардам берүү сыяктуу кайрымдуулук иштерин өнүктүрүүгө тийиш. Жеңүүчүлөр үч номинация боюнча тандалып алынат.

Алар Кыргызстандагы кайрымдуулук иштерин өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, рак оорусуна каршы күрөштө профессионалдык тармакка салым кошкондугу үчүн жана онкологиялык диагнозу бар адамдарга көмөк көрсөткөндүгү жана ракка каршы күрөштө социалдык мааниси бар иш-аракеттери үчүн берилет. Ал төрт баскыч менен жүргүзүлүп, 10-февралга чейин билдирмелер кабыл алынат. 1-мартка чейин катышуучулар тиешелүү документтерди тапшыруусу керек.

Ал эми үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен ар бир аталыш боюнча жеңүүчү аныкталат. 30-апрелде жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт. Кайрымдуулук сынактын максаты - онкологиялык оорулууларга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу жана учурда дарыланып жаткан жарандарга колдоо көрсөтүү.