2020-жылы мурдагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги алдыңкы спортчуларга 24 миллион 995 миң сом жөлөк пул төлөп берген.
Орто эсеп менен олимпиадалык жана паралимпиадалык түрлөрү боюнча 73 спортчу ай сайын стипендия алып турган. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, өткөн жылдын март айында Мамлекеттик агенттиктин бюджетинен башка айларга салыштырмалуу стипендияга көбүрөөк каражат бөлүнгөн. Алсак, 103 спортчу жалпы суммасы 2 миллион 765 миң сом алган.
Август айынан баштап спорттун олимпиадалык жана паралимпиадалык түрлөрү боюнча стипендиялардын саны кыскарууда. Бул коронавирус пандемиясына байланыштуу стипендия төлөө үчүн белгиленген мөөнөттүн бүтүшү жана эл аралык мелдештердин жылдырылышы себеп болууда. Андыктан спортчуларга спорттук көрсөткүчтөрүнө жараша стипендия берилет. Декабрь айында 29 спортчу стипендия алды. Анын жалпы суммасы 1 миллион 35 миң сомду түздү.