Жаңылыктар
Кой-Таш окуясында каза болгон Үсөн Ниязбековдун энеси соттон акыйкат издейт
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таш окуясында каза болгон Үсөн Ниязбековдун энеси соттон акыйкат издейт

2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясында каза болгон Үсөн Ниязбековдун энеси соттон акыйкат издейт. 

УКМКнын атайын Альфа кызматынын өкүлү Үсөн Ниязбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда атылган октон каза болгон. Жабырланануучунун энеси он айдан бери сот отурумуна катышып, адилет чечим издеп келгенин айтат. 

Өктөм Мамаеванын айтымында сот отурумунда аны Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жабырлануучу эмес, күбө катары кароону суранган. Ниязбековдун энеси андагы айтылган сындарга макул эмес экендигин айтып, уулу берилген буйрукту аткарганын, 20 жылдан бери УКМКда иштеп, өлүмү саясий курмандык болгонун билдирди.