Жаңылыктар
Жасалма медициналык документтерди даярдаган жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жасалма медициналык документтерди даярдаган жаран кармалды

Россиянын дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын даярдаган жаран кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жарандар бул өлкөгө учуп кетүү үчүн жасалма медициналык документтерди колдонгон учур аныкталып, иликтөө иштери башталган. 

Анын алкагында борбор калаадагы жеке авиакассада иштеп жүргөн каржы полициясынын мурдагы кызматкери кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү табылган. Бул факт Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.