Аламүдүн районунда “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун көз караштарын тараткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Өлкө аймагында тыюу салынган бул уюмдун көз караштарын таратуу боюнча маалымат түшүп, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы ыкчам иш-чараларынын жүргүзгөн. Жыйынтыгында Бишкектеги үйлөрдүн биринен Өзбекстандын 44 жаштагы мурда соттолгон жараны кармалды. Ал маалыматтарды социалдык түйүндөр аркылуу таратып жүргөнүн толук мойнуна алган. Учурда ал жаран үй камагына алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.