Жаңылыктар
Чүй облусунун аймагында акыркы жумада 4 миң 730 жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун аймагында акыркы жумада 4 миң 730 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Чүй облусунун аймагында акыркы бир жумада 4 миң 730 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. 

Алардын ичинен 47 айдоочу мас абалында, 40ы айдоочулук күбөлүгү жок, 1 миң 482 айдоочу катуу ылдамдыкта унаа башкарган. Айып салынган 148 унаа токтотуучу жайга киргизилди. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырат.