Жаңылыктар
Милиция чөнтөк уурулары көбөйүп жатканын билдирип, коомдук транспортто сак болууну эскертет
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция чөнтөк уурулары көбөйүп жатканын билдирип, коомдук транспортто сак болууну эскертет

Ош шаарында акыркы бир аптанын ичинде жалпы 229 кылмыш катталган. Анын ичинен 157 кылмыштын бети ачылды. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, унаалардын терезелерин талкалап, уурулук жасап жүргөн жаран кармалды. Тартип сакчылар чөнтөк уурулар да көбөйүп жатканын билдирип, жарандарга коомдук транспортто өз буюмдарына сак болууну эскертишет. 

Ал эми Милициянын кайгуул кызматы тарабынан бир жумада 25 мас айдоочу кармалды. Коомдук тартипти бузган 21 жаран милициянын бөлүмдөрүнө, 3 жаран убактылуу баш калкалоочу жайга жана 3 өспүрүм балдар үйүнө жеткирилди. Жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузган 1 миң 589 жаранга протокол түзүлүп, айып пул салынды.