Жаңылыктар
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 8-февралдан 10-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука - Жаңыбазар - Кировка унаа жолунун 68-100-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу жана Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.