Жаңылыктар
Нарында Байыркы Кытай тыйыны табылып, музейге өткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында Байыркы Кытай тыйыны табылып, музейге өткөрүлдү

Нарында биринчи жолу 1102-1110-жылдарга таандык акча бирдиги табылган. Маалым болгондой, тыйынды Нарын шаарынын 27 жаштагы тургуну Мээрим Мукашева таап алып, Нарын шаарындагы музейге өткөрүп берген. 

Нарын мамлекеттик университетинин тарых факультетинин мугалими Айнагүл Бектемированын айтымында, тыйын колодон жасалган. 

«Бул Кытай империясынын Түндүк Сун династиясына таандык акча бирдиги. Колодон жасалган. Улуу Жибек жолундагы соодагерлер колдонгон. Улуу Жибек жолу Кыргызстандын аймагынан өткөн. Кытай соодегерлери 1102-1110-жылдары ушундай акча бирдиги менен соода кылышкан" - деп нумизматик Камышев тактаган.