Кыргызстанда бир суткада коронавирус 42 адамдан табылып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте - 32, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 4, Нарын облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 2, Талас облусунда - 1 кишиден табылды. Ал эми бир сутка ичинде 79 адам коронавирустан айыгып чыкты. Жугушту тумоодон жалпы 1 миң 431 жаран көз жумду. Бүгүнкү күнү стационарларда 459 бейтап, амбулатордук түрдө 572 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 187 медицина кызматкери коронавирус менен оруп, алардын ичинен 4 миң 102 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 113 адам вирус жуктурду. Алардын ичинен 81 миң 714 киши айыгып чыкса, 1 миң 431 адам каза болду.