Бишкекте дүкөндөн чыккан өрттөн денесине залал келгендер жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 7-февралда Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан "Fiх Рrice" дүкөнүнөн өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган. Мындан тышкары Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМден 2 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭСтен 1 бригада тартылган. "Fiх Рrice" дүкөнүнөн чыккан өрт эртең менен саат 09:19да чектөөгө алынып, 09:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.