Жаңылыктар
Нарын: кылмышка шектүүлөр кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: кылмышка шектүүлөр кармалды

Нарында 31 жаштагы кишиге ок чыгарды деген эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады. 6-февраль күнү кечки саат 20:40тар чамасында белгисиз адамдар 31 жаштагы кишини атып кетип, ал адам ооруканага жетпей үзүлгөн. Аталган факты Нарын ОИИБде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Нарын ОИИБдин жана ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Нарын шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, "ИЖ-20" үлгүсүндөгү документи жок ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Мындан сырткары, кылмыш ишине тиешеси бар делип Lexus GS 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Нарын шаарынын 24 жаштагы тургуну кармалган. Каза болгон киши дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы маалым болду. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.