7-февралда, Профсоюзная көчөсүндө милициянын унаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу соцтармактарга чыккан.
Видеодон милициянын унаасы эвакуаторго жүктөлүп турганын көрүүгө болот. Маалыматты Кайгуул милициясынын маалымат кызматы тастыктады. Ага ылайык, милициянын унаасы Nissan үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк менен кагышкан.
Кырсыктан экинчи унаадагы бир адам жабыркаган. Эки унаа тең атайын жайга токтотулуп, экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдар Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.