Жаңылыктар
Кыргыз - казак өкмөт башчылары жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - казак өкмөт башчылары жолугушту

Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында премьер-министр Улукбек Марипов Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана суу-энергетикалык тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын маселелерин талкуулады. 

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар 2021-жылы Казакстан Республикасынын аймагында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынын өткөрүүнү макулдашты. 

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин өз кесиптешин Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана ишине ийгиликтерди каалады.