Жаңылыктар
Новиков: Жерүй кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздук маселеси өзгөчө көзөмөлдөнөт
Кыргызстан жаңылыктары
Новиков: Жерүй кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздук маселеси өзгөчө көзөмөлдөнөт

"Жерүй" кени боюнча айтылган сунуш-пикирлер тыкыр иликтенет. Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жергиликтүү эл менен жолугушуп, кенге байланыштуу маалыматтарды укту. Ошондой эле, элдик комиссиянын отчету маалымдалып, коомдук угуу уюштурулду.

Элдик жыйын Жерүй кени боюнча маалымат камтылган видео тасма менен ачылды. Анда кендеги калдык сактоочу жайды куруу учурундагы талаптардын так сакталбаганы, калдыктардын сайга кошулуп, сууну булгап жатканы тууралуу интернетке тараган маалыматтар жана жергиликтүү элден алынган видеолор камтылган.

 Андан соң Жерүй кени боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын отчету угулду. Комиссия бир жыл мурун түзүлгөн. Анын отчетунда Жерүй кенинде 2000-жылдардан берки жүргүзүлгөн өкмөттүн иш аракеттери, СЫНАКТАР, аны уткан компаниялардын кадамдары тууралуу маалыматтар айтылып, соңунда учурда кенди иштетип жаткан “Алтын Альянс” ишканасынын аткарган иштери тууралуу да маалыматтар берилди. Ишкана лицензия алууда айрым кемчиликтерге жол берилгени боюнча мисалдар келтирилди.