Жаңылыктар
Заманбап көзөмөл-өткөрүү жайы
Кыргызстан жаңылыктары
Заманбап көзөмөл-өткөрүү жайы

«Ак-Жол—автожол» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайы заманбап оңдоодон өтүп, март айынын аягында ишке кирет. Андагы курулуш иштеринин жүрүшү менен вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов барып таанышты. Мурдагыдан 3 эсе чоңойтулган чек ара өткөрүү жайында эки мамлекеттин жарандары менен ары-бери өткөн унааларды текшерүүчү пункттар кеңейтилген. Мындан сырткары айланасында 7,5 гектар жерге бардык тиешелүү тейлөө жайлары курулууда.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Жол—автожол» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайы марттын аягында ишке берилет. Азыркы тапта курулуш иштери жүрүп жатат. Өткөрүү жай мурдакыга караганда үч эсе чоңоюп, эки мамлекеттин жарандарын өткөрүүдө шарттар бир топ жакшырган. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов иштин жүрүшү менен таанышып, курулуш компаниясына анын сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти.
 
Эки өлкөнүн макулдашуусу менен 2020-жылдын башында курулуш иштери башталган. Анда жөө өткөндөр үчүн өзүнчө, унаа жана жүк менен өткөн чоң транспорттор үчүн кеңейтилген жол курулуп, заман талабына жараша бардык шарттар камтылган.

Мында кеңейтилген административдик блок гана эмес, спорттук шаарча, чакан кинологиялык борбор, катарга туруу аянты, унаа токтотуучу жай болуп, жолдун бардык тарабы кеңейтилген. Мындан сырткары тегерек-четиндеги 7,5 гектар жер да толук оңдоондон өтүп, айланасына керектүү тейлөө аянттары курулууда.

Пандемиялык шарттан улам курулуш иштери кечеңдеп, эми өткөрүү бекети толук түрдө март айынын аягында ишке кирет. Буга чейин күнүнө 500дөн ашык жөө жүргүнчүлөрдү, 300дөн ашык унааларды өткөрсө, капиталдык оңдоодон кийин 1,5 миңге чейин унаалар менен миңдеген жарандарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир убакта отузга жакын жарандын документин текшерип, унааларды текшерүү электрондук портал аркылуу жүрүп, баары борбордук көзөмөлгө туташтырылган шартта иш алып барат.