«Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» жарлык миграциялык процесстерди турукташтыруу максатын көздөйт. Анын ичинде чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошол эле учурда балдарын калтырып, эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү чаралары да камтылган.
Бир канча жылдан бери Араб Эмираттарында жүргөн Саида Умарова пандемиянын алдында өз мекенине келген. 7 тилде эркин сүйлөп, эл аралык мамилелер боюнча адистике ээ болгону менен, өз кесиби менен Кыргызстандан жумуш таба алган жок. Акыры бир чети өзүн алаксытып, экинчи жагынан аралыктан окуп кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан мектеп окуучуларына жардам берүү максатында чакан окуу борборун ачты. Бул жерден балдарга ү й тапшырмасын аткарууга көмөк көрсөтүү менен бирге, чет тилдерин үйрөтөт.
Азыркы мезгилде Кыргызстандын көпчүлүк жарандары мамлекеттин чегинен тышкары убактылуу эмгектенүүгө аргасыз болууда. Коронавирус инфекциясы пандемиясынын айынан келип чыккан экономикалык кризис эмгек мигранттарынын абалына терс таасирин тийгизди. Ушул себептен өткөн жылдын март айында алар Кыргызстанга кайтып келе башташты, бул жумушсуздуктун өсүшүнө алып келди. Жаңы кол коюлган жарлыкка ылайык эми миграциялык процесстерди турукташтыруу маселелери жөнгө салынат.
Ушул кезге чейин миграцияны пайда кылган жана аны коштогон жагымсыз факторлорду азайтууга жана жеңилдетүүгө багытталган жарлык, миграциялык процесстерди турукташтыруу менен социалдык-экономикалык бакубаттуулукту максат кылат. Эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын абалын жакшыртуу үчүн заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен маалыматтык-консультациялык иш-чараларды туруктуу негизде ишке ашыруу боюнча иштерди активдештирүү учур талабы.
“Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, зомбулукка кабылган балдардын көпчүлүгү ата-энелери эмгек мигранты болуп чет мамлекетке кеткендер. Кол коюлган жарлык эми ата-энеси эмгек миграциясында болгон балдарды эсепке алууну, кароону, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
Жарлыкка ылайык эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө улуттук экономикага инвестиция салуусуна дем берүү боюнча программаны 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле калкынын миграцияга кетүүсү кыйла жогорку деңгээлде болгон аймактарда жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду артыкчылыктуу тартипте ишке ашыруу зарыл.