Жаңылыктар
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу...
Кыргызстан жаңылыктары
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу...

Президент Садыр Жапаров ант берүү күнүндө өлкө башчысы катары сүйлөгөн алгачкы сөзүндө өлкөбүздөгү бардык саясий күчтөрдү, санаалаштарын жана оппоненттерин, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды, коомдун бардык катмарын “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деген эзелки кыял, түпкү ураан, улуу мүдөөнү аркалоо жолунда тилектеш, максатташ болууга чакырды. 

Эгемен Кыргызстан көп улуттуу өлкө катары жүз жыйырмага жакын этностун өкүлдөрү бир байрак астында жашап келишет. Андагы ар бир улуттун үрп-адаты, каада-салты, улуттук майрамдары сакталып, жарандар этностук өзгөчөлүгүнө карабай бирдей укук жана милдеттерге ээ.

Улуттук өзгөчөлүктөрү менен бирге эле диний ишенимине карап да кайсы бир жаранга бөтөнчө укуктар берилбейт. Калктын басымдуу бөлүгү ислам динин карманганы менен башка конфессиядагылар да бар. Алардын диний жөрөлгөлөрү, ишеним өзгөчөлүктөрү бардыгы сакталган. 

Президент Жапаров ант берүү күнүндө жасаган алгачкы кайрылуусунда бардык улуттарды, бардык конфессия өкүлдөрүн өлкөнү өнүктүрүү жолундагы улуу мүдөө астында биригүүгө чакырды. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымакка үндөдү.
 

Президент өз сөзүндө бардык саясий күчтөрдү, саясий оппоненттерин да бир максат, бир ураан алдында биригүүгө чакырды. Адистердин пикиринде бүгүнкү абал саясий кызыкчылыктарды аркага таштап, өлкө үчүн биригүүнүн учуру.

Өлкө башчысы жаңы Кыргызстан - өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болууга тийиш экендигин белгиледи.