Аламүдүн районундагы Мыкан айылына салына турган жалпы билим берүү жана маданий-ден соолукту чыңдоо комплексинин курамына 500 орундуу мектеп, спорт зал, ФАП, административдик имарат, мечит, футбол талаасы жана оюн аянтчалары кирет. Мындай курулуштун салынып жатканына жергиликтүүлөр кубанып турушат.
Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө президенттик шайлоодо анын талапкерлигин колдогондору үчүн ыраазычылыгын билдирди, эми бардык күч-аракетин алардын ишеничин актоого жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жумшай турганын белгиледи.
Ошондой эле ал, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясына Кыргызстан үчүн оор кырдаалда социалдык объектилердин курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, аталган комплекстин курулушун Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы каржылоодо. Аталган уюмдун жардамы менен буга чейин да бир катар социалдык объектилер башка аймактарда курулган.
Президент Жапаров инаугурациядан кийин бир катар инвесторлор менен жолугушуу өткөрүп, анда алар өлкө боюнча авариялык абалдагы мектептерди капиталдык реконструкциялоого колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкенин айтты.
Өлкө башчысы Ынтымак-билим" комплексиндеги мектептин курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты. Буюрса билим уясы быйыл жаңы окуу жылына карата бүткөрүлүп, колдонууга бериле турганы пландалууда.