Жаңылыктар
Премьер-министрлик кызмат ордуна Улукбек Мариповдун талапкерлиги жактырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Премьер-министрлик кызмат ордуна Улукбек Мариповдун талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызмат ордуна Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. 

Буга чейин көпчүлүк коалициянын башчысы Иса Өмүркулов белгилегендей, Улукбек Мариповдун талапкерлигин "Республика - Ата-Журт" фракциясы сунуштаган. Эми Мариповдун талапкерлигин парламенттеги тиешелүү комитет карайт, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Улукбек Марипов Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. 

Ага чейин Президенттик Аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.