Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров жана Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев кызматташуу маселелерин талкуулашты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров жана Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев кызматташуу маселелерин талкуулашты

Бүгүн, 1-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары аймактык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, коронавирус инфекциясы пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого бар күч-аракетин жумшаарына ишендирди.