2021-жылдын 1-февралынан 3-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.