Саламаттык сактоо уюмдарды коронавирус инфекциясынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна толук даярдыгын камсыздоо зарыл. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева коронавирус инфекциясы боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен өткөн кеңешмеде билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө Саламаттык сактоо миистринин орун басары Нурболот Үсөнбаев COVID-19 инфекциясын алдын алуу боюнча баяндама жасап, көйгөйдү чечүүнүн жолдоруна токтолду. Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавирус инфекциясына каршы туруу, ошондой эле финансы, гранттык жана гуманитардык көмөктү натыйжалуу пайдаланууну жана сунуштамаларды эске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле, калкты коронавируска каршы эмдөө маселеси боюнча иш улантылышы керек экендигин айтты. Кеңешменин жыйынтыгында, Саламаттык сактоо министрлигине саламаттык сактоо тутумунун коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана ыктымалдуу үчүнчү толкунуна карай толук даярдыгын камсыздоо тапшырылды.