Айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүгө 540 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койду. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө финансылык каражаттарды Айыл Банк аркылуу жылдык 9% менен, 7 жылга чейинки мөөнөткө, негизги сумманы жылына 2 жолу төлөп берүү мүмкүнчүлүгү менен берилет.
"Бул өлкөнүн машина-трактор паркын жаңыртууга жана агрардык сектордун техникалык потенциалын жогорулатууга ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жана айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Министрликтин сунушу Өкмөт тарабынан колдоого алынып, дыйкандар жабдууларды сапаттуу жаңыртып, керектүүлөрүн сатып ала алат”, - дейт Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев.