Азыр ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете. Биз күнү-түнү элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө ант бергенбиз, өзгөртүүлөрдү күткөн элдин үмүтүн актайбыз.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылында «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү жана маданий-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышуу маалында билдирди. Президент өлкө жетекчилиги сырттан келген жардамдарды жана ички булактарды колдонуп, жакынкы эки жыл аралыгында бала бакчаларга, мектептерге жана ФАПтарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыларын баса белгиледи.