Жаңылыктар
Жалал-Абадда бала бакчалар иштей баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда бала бакчалар иштей баштайт

Жалал-Абад шаарында 1-февралдан тарта муниципалдык бала бакчалар иштейт.

Мындай чечим шаардык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Ошондой эле 1-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары да мектептен билим алууну улантат. Билим уяларында бардык тиешелүү санитардык талаптар сакталышы керек. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, калаада 23 бакча иштейт. Анда 4 миңден ашуун бала тарбияланат.