Жаңылыктар
Бардык аймактарындагы медицина борборлору электрондук тутумга кошулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бардык аймактарындагы медицина борборлору электрондук тутумга кошулууда

Өлкөдө үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлерине электрондук кезекке туруу тутуму ишке киргенден бери эки миллионго жакын онлайн жазылуу катталды. Анын 700 миңге жакыны Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылгандар. Ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлору электрондук тутумга кошулуп, иштеп жатат.