Жаңылыктар
Өлкөнүн тышкы саясаты көп векторлуу багытынан тайбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн тышкы саясаты көп векторлуу багытынан тайбайт

Эгемен Кыргызстан Америка, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат. Бул тууралуу Президент кечээ өткөн ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анда ал алыскы жана жакынкы дос мамлекеттер менен алака, стратегиялык өнөктөштөр менен болгон дипломатиялык байланыштын мындан аркы багыттарын белгиледи.