Экономикалык каатчылык Кыргызстанда кечээ эле чыккан көйгөй эмес. Өлкө эгемендик алгандан тарта өндүрүш жана өнөр жай, айыл чарба, аны менен катар ишкерлик да жакшы өнүкпөй, 30 жылдан бери бюджет таңсыктык менен келе жатат. Коронавирус пандемиясы буга кошул ташыл болуп, былтыр бюджет 30 млрд сом чыгаша тартты. Өкмөт экономикалык каатчылыктан чыгуу үчүн кыска жана узак убакытка эсептелген ыкчам чараларды ишке ашыруусу зарыл.