Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунунда окуучулар үчүн “Мен жол эрежесин билем” акциясы уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунунда окуучулар үчүн “Мен жол эрежесин билем” акциясы уланууда

Жалал-Абад облусунунда “Мен жол эрежесин билем” акциясы уланууда. Мектеп окуучулары арасында өтүп жаткан иш-чара 31-январга чейин болот. 

Калаадагы №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары жолдо жүрүүнүн эрежелерин көрсөтүп беришти. Иш-чарага жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери катышты. Аталган акцияны өткөрүүнүн максаты, жаш балдар катышкан жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.

“Балдар арасында өткөн жыл ичинде 131 кырысык катталып, анын арасынан балдардын өмүрүн алган фактылар болду. “Мен жол эрежесин билем” акциясынын башкы максаты, балдарга жолдо жүрүүнү үйрөтүү. Алардын коопсуздугуна кам көрүү болуп саналат”,- деди Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБ инспектору Айбек Сатыбалдиев.