Жаңылыктар
Кыргызстан ишенимге негизделген өнөктөштүктү бекемдейт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан ишенимге негизделген өнөктөштүктү бекемдейт

Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер дагы Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. 

"Сиз президенттик кызматка кыйын мезгилде келип жатасыз. Кыргызстандагы коронавирус пандемиясына байланыштуу оор жүк менен катар демократия жаңы чакырыктарга кабылып жатат. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук байланыштар дээрлик 30 жылдан бери келатат. Германия Кыргызстандын көп жылдан берки өнөктөшү. Тыгыз жана ишенимге негизделген өнөктөштүгүбүз мындан ары да уланат деп бекем ишенет. Сиздин өлкөңүздү демокаратияны алга жылдыруу, мыйзам үстөмдүгү жана коомдун бардык катмарын камтыган туруктуу өнүгүү жолунда колдоого алабыз. Сизге албан-албан ийгиликтерди жана президенттик кызматыңыздагы маанилүү милдеттердин жеңил чечилишин каалайм", - деген Франк-Вальтер Штайнмайер.