Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.
"Түркмөнстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук, бир туугандык, коңшулук мамилелер байланыштырат. Ортобузда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ишеним, өз ара түшүнүшүү, кызматташууну конструктивдүү өнүктүрүүгө негиз болот. Бүгүнкү күндө мамлекеттерибиз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Эки тараптуу мамилелерибизди жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярбыз. Буга байланыштуу, түркмөн-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенимди билдирем. Сизди ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырамын. Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана мамлекет башчысы катары жооптуу ишиңизде ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын", - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.