Жаңылыктар
Курсан Асанов эки айга камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Курсан Асанов эки айга камакка алынды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди. 

Райондук соттун 28-январдагы чечимине ылайык, Асанов 2021-жылдын 26-мартына чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 абагында болот. Буга чейин Курсан Асанов 5-9-октябрь күндөрү Бишкекте болгон массалык башаламандык ишинин алкагында кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. 

Кийинчерээк ал ИИМдин имаратын басып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылганы кабарланган.