Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту.
Анда түрк тилдүү элдердин ортосундагы илимий-маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Казакбаев академиянын түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды чыңдоо - руханий интеграция үчүн маанилүү экендигин белгиледи.
Дархан Кыдырали Түрк академиясынын өткөн жылдын жыйынтыктары жана жетишкендиктери, быйылкы жылга белгиленген пландар жөнүндө маалымат берди. Тышкы иштер министрлигине академиянын кезектеги "Түрк дүйнөсү: тарыхый жана маданий атлас" аттуу илимий эмгеги тартууланды.