Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан жана Евразия өнүктүрүү банкы ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады. Новиков, Кыргызстанга салым кылынуучу банк портфелин жогорулатуу, экономика тармагын кеңири камтуу зарылдыгы жеткенин айтты.
Ошондой эле, Евразия экономикалык бирликтеги интеграциялык долбоорлорду ишке ашырууну тереңдетүүгө умтулуу маселесине токтолду. Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов, финансылык институттун Кыргызстан менен кызматташуусун кеңейтүүнү белгиледи. Тараптар Кыргызстандын аймагында ишке ашырылып жаткан инвестициялык, гранттык долбоорлор алкагындагы эки тараптуу кызматташтыкка жогору баа берди. Ошондой эле орто мөөнөттүү жана өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулашты.